Айызың келген учурда намаз окуса болобу?
2019.05.15, 12:06
8249
Саламатсызбы. Айызың келген учурда эмнелерди кылууга болот жана болбойт? Намаз окуй берсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.05.2019, 12:08
Равшан ажы Эратов
КМДБнин фатва бөлүмүнүн башчысы
Айызы келип жаткан аялга намаз окууга, орозо кармоого, мечитке кирүүгө, Каабаны айланууга, Куранды капсыз кармоого жана жыныстык катнашка барууга болбойт.
Айыз убагында калган намаздардын казасы окулбайт. Ал эми рамазан айында орозосунун калып калган казаларын канча күн болсо, ошончо күн кармап берет.
Этек кири келип жаткан аял менен сүйлөшүүгө, бир дасторкондо тамактанууга, бир төшөктө жатууга болот. Ошондой эле нике окууга да уруксат берилет, бирок жогоруда айтылгандай жыныстык катнашка барууга болбойт.
0
Пайдалуу жооп