Төрөгөндөн кийин канча убакытта жыныстык катнашка барса болот?
2019.05.15, 10:35
3375
Менин төрөгөнүмө 17 күн болуп калды. 40 күндөн кийин күйөөм менен кошула берсем болобу? Төрөтүм жакшы өттү, “разрыв” болгон жокмун. Этек кирим эмчектен чыгаргандан кийин келет. Ага чейин сактанбай кошула берсем боюмда болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.05.2019, 10:35
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Баланын кыркы чыккандан кийин, өзүңүздү жакшы сезип турсаңыз, жана жыныстык катнашка барууну кааласаңыз, болот. Этек кириңиз келбесе деле бойго бүтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан баары бир коргонуу зарыл. Алты айдан кийин сөзсүз гинекологго көрүнүп, спираль салдырыңыз.
0
Пайдалуу жооп