Үйдү белек кылып жазып бергенден кийин кайра тартып алуу мүмкүнбү?
Жолдошумдун ата-энеси жашап жүргөн эски там бар эле. Ал там чоң аталарынан калган экен. Кайын атам менен кайын энем каза болгондон кийин, там кароосуз калат. Кайын атамдын бир тууган эжеси үйдү өзүнө жаздырып, эски үйдүн биринчи документин алат.
Азыр жолдошум жана 3 жаштагы уулум болуп ошол үйдө турабыз. Бирок эжебиз мүлктү бизге жазып берүүгө шашылбай эле. Уулубузга белек кылып берем деп убада берген. Белекти бергенден кийин бизди кууп чыкканга же кайра тартып алганга укугу барбы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, юрист
Эгер белек кылуу келишими түзүлсө, үйдүн ээси сиздин балаңыз болуп калат. Ал эми силер өз кезегинде ал баланын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналасыңар. Башкача айтканда, силер бала 18 жашка чыкканга чейин анын укугун жана кызыкчылыгын коргойсуңар. Эжеңер үйдү силердин уулуңарга белек кылып жаздырып берсе кайра үйдү тартып алып, силерди кууп чыга албайт.
Белекке берүүчү келишимди аткаруудан баш тартышы мүмкүн эгер, келишим үйдү келечекте берем деген шарт менен түзүлгөн болсо.
Ошондой эле белекке берүү жокко чыгарылышы мүмкүн, эгер белекке ала турган жак белек берүүчүнүн же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна же өмүрүнө карата кандайдыр бир кылмыш иш жасаса.
Ийгилик!