Төшүмдө без пайда болду, камфор майын сүйкөсөм болобу? Маммолог жооп берет
2019.05.14, 10:14
1835
Саламатсызбы. Мен эмизбейм, акыркы күндөрү эмчегимде без пайда болду. Камфор майын сүйкөп жаткам, бирок эч кандай жардам берген жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.05.2019, 10:14
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Албетте эч кандай пайдасы тийбейт! Эмчекте без пайда болгондо камфор майын сүйкөгөнгө жана ысык басууга, жылытууга такыр болбойт. Сиз эмне болгон без, эмнеден улам пайда болгонун билбейсиз. Аны маммологго барып, УЗИге түшкөндөндөн кийин гана так аныктоого болот.
Лактациялык эмес мастит, мастопатия же фиброаденома ооруларында без пайда болот. Ар биринин дарылоо ыкмалары ар башка. Диагнозун так аныктап, ошого жараша чара көрүү зарыл. Тез арада дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп