Орозо тутам, бирок намаз окубайм, менин орозом кабыл болобу?
2019.05.13, 16:16
1729
Орозо тутам, бирок намаз окубайм. Тарава намазга гана барып жүрөм. Менин орозом кабыл болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.05.2019, 16:16
Кадыр Маликов
Теолог
Ислам укугунун негиздерине ылайык, бардык сыйынуулар бөлүнгөн. Кимде ким орозо тутуп, бирок намаз окубаса анын орозосу кабыл болот, бирок Кыямат күнү окулбай калган намазы үчүн суракка алынат.
Бүгүнкү күндө ислам дини менен таанышып, аны кабыл алууну ниет кылып бирок намаз окуп баштай электер көп. Мындай учурда да орозо кармаганга уруксат берилет. Логикалык жактан алып караганда, ислам динин тутпастан орозо кармаган кишини элестетүү кыйын, бирок андайлар кездеше берет.
Жооп kaktus.media сайтынан алынды.
0
Пайдалуу жооп