Кечки мектептин аттестаты менен чет өлкөдө окуса болобу?
2019.05.13, 11:45
1053
Жөнөкөй мектеп менен кечки мектептин аттестаттарында кандай айырма бар? Кечки мектепти бүттү деген аттестат менен чет өлкөгө окууга кетсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.05.2019, 11:47
Чынара Исакова
Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Саламатсызбы! Жалпы орто билим берүү мектептери менен кечки мектептердин аттестаттарынын ортосунда эч кандай айырмачылык жок.
Кечки мектептин аттестатына "кечки мектепти бүттү" деп гана жазылганы болбосо, толук кандуу аттестат болуп саналат жана персонификациядан өтөт. Аны менен жогорку окуу жайга тапшырып, чет өлкөлөргө кетсе болот.
0
Пайдалуу жооп