Кызым бат-баттан куса берет. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Кызыма бир ай болду. Эмчек эмсе да, эмбесе да бат-баттан куса берет. Дарыгерибиз "Боботик" жазып берген, бирок дагы эле кусуп жатат. Эмнеден болушу мүмкүн? Алдын ала рахмат!
Анара Базаркулова
Педиатр
Урматтуу айым, кээ бир балдар 3 айга чейин куса берет. Ал көп эмчек ээмип алгандан болушу мүмкүн.
Кызыңыз эмгенден кийин, тик кармап аркасына акырын чапкылап, кекиргенден кийин башын кичине өйдөрөөк кылып жаткызыңыз. Бешикте жатканда терметпеш керек, кусундусуна чаңкап өпкөсүнө кетип калышы мүмкүн.
Токтолбой эле куса берсе, баланын башын УЗИге тартуу керек. Гипертензиондук синдромдун (мээнин ичиндеги кан басымынын жогору болушу) бар-жогу текшерилет. Андан тышкары тамак ашты сиңирүү органдарынын өрчүшүндөгү кемтиктердин жоктугун аныктоо үчүн хирургдун да консультациясы зарыл. Эгер жыйынтык жакшы чыкса, бир эки айдан кийин куса бергени токтойт.
Кызыңыз ден соолукта болсун!