Экинчи аялы экинимди билбей тийип алгам
Менин көйгөйүм экинчи аялы болуп тийгенимде. Мурда турмуш курган эмесмин, жашым өтүп баратканынан шашып турмушка чыктым. Кыздуу болгондон кийин гана баарын уктум. Абалымды сөз менен жеткире албайм.
Көчөдөгүлөр, аяштар, кайын журт мени сынап, биринчи аялы менен салыштырып кыжырыма тийишет. Ушул темада ким сүйлөсө болду, аны менен катышкым келбейт. Күйөөм менен конокко барбайм, экинчиси аталгым келбейт.
Эмнеге мен биринчиси эмесмин? Аны сүйөөбү же мениби? Өкүнөбү?
Кызганам. Барын сурап билгим келет, бирок жолдошум эч нерсе айтпайт. Ал жөнүндө такыр сүйлөшө албайбыз, дароо чыр башталат. Бирок жолдошум мага аяр мамиле кылат. Биринчи никесинен кудайга шүгүр баласы жок. Атасынын кесири кызыма тийбейби деп да корком.
Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg
Сиздин үй-бүлөлүк жашооңуз сиз күткөндөй болгон жок. Жолдошуңуз биринчи никесин жашырып сизге чындыкты айтпаптыр. Албетте мындай чындыкты кийин билген өтө жагымсыз. Ага болгон ишенимиңиз солгундай түштү. Бул фактыны кабыл алгыңыз келбей турат. Ошондон улам, жолдошуңузга ачууланып, бул тууралуу сүйлөшүп, түшүндүрүп берүүсүн талап кылып же кечирим сураганын уккуңуз келип жатат. Ортодогу мамиле бузулуп, улам-улам уруш чыгууда. Балким, сиз өзүңүздүн сезимдериңиз (капалануу, коркуу, көңүл калуу, ишенбөө) тууралуу айтып бересиз? Бул оңой эмес, түшүнүп турам. Бирок өзүңүздүн үй-бүлөңүздү сактап калуу үчүн күнөөлөгөндү токтотконуңуз туура болот.
Сиз жолдошуңузга ишенгенсиз. Өзүңүздү анын жалгыз никесимин деп жашап келгенсиз. Сиз үчүн ажырашкан кишиге эрге тийүү пастык болчу. Анысы аз келгенсип, айланадагы адамдар сизди салыштырып жатышат. Ооба бул жагымсыз. Бирок мунун бардыгы орун алган экен. Чындыкты кабыл алыңыз. Сизге убакыт, жана кайрат керек.
Жакындарыңыздын колдоосуна муктажсыз. Күйөөңүздүн сизге аяр мамиле кылып жатканын байкаганыңыз абдан жакшы. Мурунку аялы тууралуу жаман да жакшы да сөз айтпаганы, сиздин сезимдериңизди аяганы. Демек ал татыктуу мырза. Анын артыкчылыктарына көбүрөөк көңүл буруңуз. Ортоңордо кызыңар бар экен. Ага биргелешип кам көрүңүз. Бала силердин тапкан байлыгыңар.