// //

Кызыма орусча сүйлөгөндү кантип үйрөтсөм болот?

2019.05.11, 16:41
1318

Саламатсызбы. Менин кызым 6 жашта, мектепке даярдоо бөлүмүнө барат. Азыртадан орус тилин өздөштүрсүн деп орусча окутуп жатабыз. Жумасына эки жолу өтөт. Бирок, сабакка эч көңүлү жок. Баргысы келбейт. Өзүбүз жалаң кыргызча сүйлөгөндүктөн үйдөн эч кимибиз үйрөтө албайбыз. Окууга кызыгуусун кантип ойготсок болот? Орусча сүйлөп кете алабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.05.2019, 16:52

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Орус тили мамлекеттик тил болгондуктан, кызыңызды үйрөтүүгө умтулганыңыз абдан жакшы. Сабакка такыр баргысы келбей качып жатса, демек, кандайдыр бир жагымсыз жагдайга туш болгон. Кызыңыздан жана эжейинен сураштырып көрүңүз.

Үйдөн орусча сүйлөгөндү балдар өздөрү эле үйрөнүп алышат. Менимче кызыңыз жакшы эле түшүнөт. Болгону сүйлөгөндөн тартынып жатса керек. Ал орус тилиндеги мультфильмдерди, кинолорду көрөт да. Телефон аркылуу видео көргөндө, санаганды, түстөрдү, формаларды, үйрөткөн кызыктуу видеолорду коюп бериңиз. Аны менен бирге көрүп, видеодогу ырларды бирге ырдаңыз. Үйдүн ичиндеги буюмдарды, көчөдөн көргөн нерселердин кыргызча анан орусча аталышын атагыла. Муну оюнга айландыргыла. Бир топ сөздөрдү билип калгандан кийин, китептеги жомокторду окуп бериңиз. Андагы окуяларды кайра сизге айтып берсин.

Кызыңызды мактап, жетишкендиктерине баа берип туруңуз. Эгер мектепке чейин орусча сүйлөп калса, анда орус класска окута бергиле. Эгер сүйлөй албаса, анда кыргыз эле класска бергениңер оң. Бала окуудан ырахат алып окусун, кыйнабагыла. Кийин акырындык менен үйрөнүп алат.

 

Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт