// //

Үйүбүздү чоң апам талашып жатат. Юрист жооп берет

2019.05.10, 15:25
1008

Атам көзү өткөндөн кийин эле, үйүбүздү байкемдер менен чоң апамдар талашып кирди.

Бул там өкмөттүн балансында, эч кандай документи жок, 1995-жылдан бери жашайбыз. 3 жыл мурун менчиктештирип алалы дегенде, атамдын паспорту жана акча жок болуп калган. Ошондо чоң апам, "бизге өтө берсин, неберелерим турганда талашмак белем, бирөө менчиктеп албасын, кийин өзүңөргө алып аласыңар" дегенинен, атам менен апам оозеки түрдө макулдугун беришкен.   

Атамдын жоктугунан пайдаланып, эми минтип талашып жатышат. Бизде эркек бала жок, 4 кызбыз. Байкелерим, "кыз мураска ээ боло албайт, бул биздин там", - деп жатат. Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.05.2019, 15:26

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, маселеңизде тактай турчу жагдайлар бар экен. Мүмкүн болсо, редакциядан номеримди алып, байланышка чыгыңыз. 

Сурооңузга жооп берүүгө аракет кылсам. Кыздар мураска ээ боло албайт деген жаңылыш пикир.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-бер. 4-бөл. “Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, экөөнүн тең мураска болгон укуктары да бирдей.

Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 1142-бер. 1-бөл. “Мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асыралып алгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет” деп айтылган.

Өзүңөрдүн укугуңарды талап кылуудан эч чарчабагыла!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт