// //

Таланттуу болуудан коркпогула! Ийгиликтүү дарыгер Турат Касымбековдон кеңеш

2019.05.10, 11:26
1906

Медицина илимдеринин доктору, профессор, “Medcenter.kg” борборунун жетекчиси, КРдин саламаттыкты сактоо отличниги, алып баруучу, тамада, актер, айтор, көп кырдуу талант ээси Турат Касымбеков ийгилик сырлары менен бөлүштү.

  • Ийгиликтүү адам болгуң келсе жумуш менен хоббини туура айкалыштыр, экөөнү чаташтырба!
  • Жасап жаткан жумушуңду сүй. Ага "акча табышым керек" деген түшүнүк менен эмес, кубаныч менен мамиле кыл.
  • Жумуш убактысынан кийин сүйүктүү хобби менен алектенүү ийгиликти багынтууга күч-кубат берет. Хобби, бирөөгө жаккан эмес, жеке өзүңө эргүү, ыракат тартуулаган нерсе болсун.
  • Жан дүйнөң менен берилип, жүрөгүң менен сүйгөн жумушта гана өсүп, карьера кура аласың.

  • Сени артка тарткан биринчи душманың - ичиңде олтурган "колумдан келбейт" деген күмөн саноолоруң. 
  • Айланаңды позитивдүү ой жүгүрткөн адамдар менен курча. Сага ишенбеген достордон алыс бол.
  • Бай болууга эмес, кайсы бир тармактын мыктысы болууга умтул.
  • Акча биринчи орунда эмес. Акча келет, эгер сенде билим, жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон шыктануу, ден соолук болсо.

  • Ийгиликке каалаган мамлекетте жетсе болот. Бардык жерде бирдей эле принцип – талыкпай эмгектенүү.
  • Адам менен тил табышканды, аларга туура мамиле кылганды үйрөн. Ийгиликти жалгыз багынтуу мүмкүн эмес.
  • Канчалык бийик учпа, эч качан коллективден бөлүнбө!
  • Таланттуу болуудан коркпо!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт