Балам сүрөт жакшы тартат, бирок окууга көңүлү жок. Эмне кылсам болот?
Балам 2-класста окуйт. Сүрөт тартканды жакшы көрөт, бирок окууга көңүлү жок. Мектептеги эжейи суроо бергенде башка эле сөздөрдү айтып жооп берет деп айтат. Баламды окууга кантип кызыктырам?
Виктория Исакова
“Илим” билим берүү комплекси, Психологиялык колдоо борборунун жетекчиси, психолог
Бул жаш курактагы балдар жаңы нерселерге, билимге умтулат. Окуусуна кызыгуусу жок болуп жатса, балким, сабактарын жакшы түшүнбөй жаткандыр. Сиз балаңызга жардам беришиңиз керек. Биринчиден, үй тапшырмаларын бирге аткарыңыз. Ошондо канчалык денгээлде сабагын түшүнүп, кайсы жерлерин билбей жатканын көрөсүз. Өтүлгөн темаларды дагы бир жолу түшүндүрүп бериңиз. Экинчиден, мугалим менен тыгыз байланышта болуңуз. Кайсы сабактардан кыйналып жатканын сурап туруңуз.
Жөн эле сабагыңды оку, деп эскертип, окугусу келбесе акыл үйрөтүп же урушкандан эч кандай пайда чыкпайт. Бардыгын өз колуңузга алыңыз. Сабакты түшүнүп, жакшы баа алып баштаары менен кызыгуусу да пайда болот.
Баланын сүрөт тартууга болгон шыгын колдоңуз. Мүмкүнчүлүк болсо көркөм студияга бериңиз. Болбосо үйдөн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылыңыз. Кагаз, түрдүү карандаш, боектор менен камсыздаңыз. Үйдөн анын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруңуз.