Мед академияга тапшыруу үчүн даярдык курстар бар деп уккам. Ошол кайсы жерде?
2019.05.08, 10:30
1953
Мед академияга тапшыруу үчүн бир жылдык даярдоо курстар бар деп уккам. Ошол кайсы жерде?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.05.2019, 10:31
Абибилла Пазылов
Медициналык академиянын пресс-катчысы
Медициналык академияда даярдоо курстары бар. Ага 9-класстын негизинде тапшыргандар 9 ай окушат, ал эми 11-класстан кийин келгендер үчүн окуу мөөнөтү 7 ай.
Курска окуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- 3х4 форматындагы 4 сүрөт;
- 9-11-классты аяктагандыгы тууралуу күбөлүк;
- 0-86 формасындагы маалымкат;
- флюрография;
- документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу квитанция;
- 11-классты аяктагандар үчүн ЖРТнин жыйынтыгы.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0(312)56-58-02 номерине кайрылсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп