// //

Өпкөмдүн суусун алдыргам. Канча убакыт аялым менен жакындыкка барууга болбойт?

2019.05.07, 15:48
3245

Өпкөмдүн суусун алдыргам. Канча убакыт аялым менен жакындыкка барууга болбойт? Дегеле өпкө менен жыныстык катнаштын байланышы барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.05.2019, 15:49

Азамат Акылбеков

Medcenter.kg медицина борборунун адиси, пульмонолог

Урматтуу окурман, өпкөсүнүн суусун алдырган адам эгер көкүрөгү оорубаса, өзүн жакшы сезсе, жалпы абалы канаттандыраарлык болсо, инфекциядан арылса, дене табы нормага ылайык болсо, 1-2 күндөн кийин эле аялы/күйөсү менен жакындыкка бара берсе болот.

Өпкө менен жыныстык катнаштын түз байланышы жок. Бирок адамдын жалпы абалы начарласа, дарыгерге кайрылуу керек.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.05.2019, 17:10

Туберркуллез окшойсун. 3 айдан кийин кошулсан болот

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.05.2019, 17:11

Опкодон суу алдырган адам плеврит туберкуллез болуп эсептелинет. Класикалык туру же мультирезинтесттик туру. 3 айдан кийин кошула берсен болот 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт