Кызымдын “р” тамгасына тили келбейт. Логопедден кеңеш
Кызымдын “р” тамгасына тили келбейт. Кантип үйрөтсөм болот? Үйдөн өзүм эле үйрөтө аламбы?
Гульнара Ногойбаева
Угуу жана сүйлөөнү өнүктүрүү борборунун адиси, логопед
3-4жашка чыккан бала “р” тамгасын машинанын же трактордун айдап бараткандагы добушун, арстандын, карганын үнүн туурап атып эле өз алдынча үйрөнүп алат. Ал эми 5-6 жашка чыгып калганда бул тыбышты так жана даана айтат. Эгер “р” тыбышын так эмес, же башка тыбыштар менен алмаштырып айтса логопедке кайрылуу керек.
Бала менен адистиги бар киши тагыраак айтканда логопед иштесе жакшы болот. Себеби, үйдөн билбестик кылып, баланын үн, добуш чыгарышын туура эмес коюп алуу коркунучу бар. Логопед баланын ооз көңдөйүнүн булчуңдарынын туура өрчүшүнө көңүл бөлүп, тиешелүү көнүгүүлөрдү жасатат.
Үйдөн баланын сүйлөгөнүн кунт коюп угуп, кайсы учурда “р” тыбышы айтылбай турганын байкагыла. Көпчүлүк учурда “р”ди кекиртеги менен айтышат. Эл арасында андайларды чулдур дешет. Айрымдар оозунун капталы менен айтат, анда “Рль” же “Хг” деп угулат. Кээ бир балдар “р” тыбышынын ордуна: Л, Й, Ы, Г, В тыбыштарын колдонушат.
Тыбыштарды так айтууга үйрөтүүнүн эң эффективдүү ыкмасы артикуляциялык гимнастика. Артикуляция – бул сүйлөө органдарынын кыймылын сүйлөө учурунда координациялоо, башкаруу. Ал чайноочу, жутуучу, мимикалык, дем алуучу булчуңдар менен байланыштуу. Мындай гимнастиканын бири жөнүндө азыр айтып берем.
Көнүгүүнүн аталышы: Кимдин тиши таза?
Көнугүүнүн максаты тилди өйдө көтөрүү жана аны башкарууга үйрөнүү.
Оозду чоң ачып, тилдин учу менен үстүңкү тиштерди ички тарабынан “тазалагыла”. Тил менен ар бир тиштин түбүн “тазалап” жаткандай аракет кылып, оңдон-солго, солдон-оңго жылдыруу керек.
Көңүл бургула! Тилдин учу сыртка чыкпасын, ичин көздөй буралып калбасын. Тил тиштин түбүнө тийип турушу керек. Жаактын ылдый жагы кыймылсыз болуп, тил гана кыймылдасын.
Көнүгүүлөрдү аткаруунун негизги шарттары:
- Күндө 15 мүнөттөн көнүгүүнү жасоо керек. Ооба, бул узак убакытты, чыдамдуулукту талап кылат.
- Бала менен көнүгүүнү аткарардан мурун өзүңөр жасап, үйрөнүп алгыла.
- Баланын алдына күзгү коюп койгула. Күзгү менен көнүгүүнү аткаруу кыйла жеңил.
- Көнүгүүлөрдү жасап баштагандан мурун, балага артикуляциялык органдар тууралуу айтып берип, аттарын атап, кайсынысы кайда жайгашканын түшүндүрүп берүү зарыл.
- Ар бир көнүгүүнү алгач жай аткарып, кийин улам тездетүү керек.
- Бала дароо жасай албаса, урушпагыла.
- Ар бир машыгуусун кызыктуу өткөргүлө, кааласа өзү жакшы көргөн оюнчуктарын жанына алып алсын.
Эсиңизде болсун, ар бир бала индивидуалдуу өнүгөт.
Логопедке жазылуу үчүн: 0556 825 961; 0557 900 940 номерлери аркылуу байланышыңыз.