Фитр садака – 2019. Орозо айында бериле турган садаканын суммасы бекитилди
Bilesinbi.kg быйылкы жылы битир-садаканын суммасы канча экенин билди.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы битир-садаканын суммасын аныктады. Быйыл бир адам бере турган садаканын минималдуу көлөмү 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына тете. Бүгүнкү күндөгү базар баасына таяна турган болсок, бул 35 сомду түзөт. Мүмкүнчүлүгү барлар 1 кг 600 г ун же мейиз менен, же 3 кг арпа же курма менен төлөсө болот.
Азыктын өзү менен төлөө милдеттүү эмес, акчалай төлөп коюуга да уруксат берилет.
Жогоруда айтылган азыктарды акчага которгондо: буудай – 35 сом, ун – 40 сом, мейиз – 384 сом, арпа – 48 сом, курма – 480 сом.
Битир садака – бул Орозо айында гана төлөнө турган милдеттүү садака.
Орозо календары - 2019 бул жерден көрсөңүз болот.
Маалымат Kaktus.media сайтынан алынды.