// //

Мени кудайдан корккон адам кылып тарбиялашкан, ошонун азабын тартып келем

2019.05.06, 13:44
2445

Bilesinbi.kg долбоору окурмандардын суроолоруна эксперттерден жооп алып берет. Анонимдүүлүкту сактоого кепилдик беребиз. 

Саламатсызбы, мени бир суроо кыйнап келет. Менин ата-энем мугалим болгондуктан өтө бекем тартип менен чоңойтушкан. Калп айтпа, ушак сүйлөбө, уурулук кылба, боорукер, мээримдүү чыдамдуу, сабырдуу, эмгекчил, ак көңүл, кудайдан корккон адам бол деп. Эч ким менен урушпа, бирөө сага жаман айтса теңелбей, жакшылык менен жооп бер, деп үйрөтүшкөн. Мунун бары жакшы сапат экенин билем, бирок мындай мүнөз менен жашоо кыйын экен, жанчылып кеттим.

Эч ким менен урушпасаң, бирөө сени урушса, алдабасаң, сени алдаса кыйналат экенсиң. Адал эмгек менен жанымды курч уруп иштейм. Бирөө көңүлүмдү оорутса, энем айткандай жамандыкка жакшылык, кудай таразалайт деп жүрө берем. Кээде ызаланам, мынча неге тартипке салып тарбиялашкан? Жүрүшөт го уурулар, калпычылар жанын кыйнабай, бирөөнүн акысын жеп, ойноп-күлүп.

Сабырдуу, күчтүү болуудан тажап кеттим. Же уяттуу, адамгерчиликтүү адамдар азапта жашаш керекпи?

Асель Баимбетова

психолог

Ошол мезгилде балдарга ушундай тарбия берүү норма болуп келген. Анын үстүнө сиздин ата-энеңиз мугалим болгон экен. Алар сизди каршылык көрсөтүүгө, нааразычылык билдирүүгө үйрөтүшпөптүр. Эми ата-энеңизге таарынып, кейигендин пайдасы жок.

Моралдык принциптери жогору болгон адамдар психосоматикалык оору менен көбүрөөк жабыркашат. Баш оору, ашказан оорулары, остеохандроз ж.б.

Сиздин азыркы позицияңыз алсыз кичинекей баланын позициясы. Сиз даттанып жатасыз.

Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктөр абдан көп, маалымат жетиштүү. Өзгөрүүнү кааласыңыз өзүңүздү жаңыдан тарбиялаңыз. Сиз мурункудай ата-эненин айтканын кыңк этпей аткарууга милдеттүү болгон бала эмессиз. Өз пикири бар, өз алдынча чечим чыгара турган чоң кишисиз. Түрдүү курстар, тренингдерге барыңыз. Ютубдагы тиешелүү видеолордү көрүңүз. Шыктандыруучу китептерди окуңуз. Психологго кайрылып көрүңүз. Мунун бардыгы жан дүйнөңүзгө эркиндик берет, жана өзүңүздү бактылуу сезүүгө шарт түзөт.

Жашоо эч качан бир эрежеге баш ийбейт. Айрым учурларда, айрым кырдаалдарда аларды бузса болот. Башкача жашагыңыз келсе, өзүңүздү колго алып, жашооңузду өзгөртүүгө бел байлаңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт