Атам каза болгондон кийин туугандары үйдү талашып жатат. Эмне кылсак болот?
Атам он бир тууган. Барынын үй жайы бар. Атамдын кичүү иниси ооруп, аны көп жыл багып жүрдүк. Каза болгондон бир жыл өтпөй атам дагы каза болуп калды. Азыр туугандары үйдү талашып жатат. Үй болсо кичүү инисине катталуу. Апам майып болгондуктан үй салып алганга шартыбыз жок. Кантип үйдү өзүбүзгө каттатып алсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Окурман, үй каза болгон агаңыздын наамында экен. Суроо, ал адамдын балдары барбы?
Мыйзам боюнча мураскорлордун тизмеси бар. Биринчи мураскорлор болуп, балдары (анын ичинде асырап алгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат.
Эгер бул адамдар жок болсо, мураскорлордун үчүнчү кезеги боюнча мурас калтыруучунун ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, ошондой эле анын чоң атасы, таятасы, чоң энеси, таянеси барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча экинчи кезектеги мурастоо укугун алышат.
Мыйзам негизинде сиз мурас бөлүштүрүүгө укугуңуз бар, бирок жалпы мүлктүн баарын каттап ала албайсыз. Бирок, алар (атаңыздын туугандары) сиздин пайдаңыз үчүн макул болсо, каттатып алсаңыз болот.
Мүлктүн мураскерин табуу үчүн мамилекеттик нотариуска кайрылыңыз, алар сизди да мураскерлердин катарына кошот.
Ийгилик!