Муздак суу ичсем тиштерим ооруйт, эмнеге? Стоматолог жооп берет
2019.05.06, 11:09
1665
Саламатсызбы. Менин тиштерим 3-4 жылдан бери муздак ичсем, таттуу жесем ооруйт. Муну кантип жок кылууга болот? Үй шартында дары-дармектер менен дарыласам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.05.2019, 11:09
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Саламатчылык. Муздакка, таттууга тиштердин ооруганы кариестин (курт жегендин) белгилери. Сизде азыр парадонтит болуп жатат. Тишиңизди тазалаганда канашы мүмкүн. Оозуңуздан жагымсыз жыт чыгат. Үй шартында дарылоо мүмкүн эмес. Болгону муздак, таттуу, кычкыл жебеңиз, тамак ичкенден кийин оозуңузду чайкап туруңуз деп кеңеш бере алам.
Убагында дарылабасаңыз, ооруганы күчөп, нерв сезгенип, тиш жараксыз болуп калат.
0
Пайдалуу жооп