// //

Чоң энем "апаң жинди" деп мени басынтат. Үй-бүлөсүн жалгыз баккан кыздын арманы

2019.05.04, 11:51
3767

Айгерим (аты өзгөртүлдү) 23 жашта. Окуусунан кийин иштеп, бир туугандарына жардам берет. Үй-бүлөсүнүн түйшүгүн жалгыз мойнуна артып келаткан кыздын баянын, психологдун жообун төмөндөн окуңуз.  

Алты бир туугандын улуусумун, 4 иним, бир сиңдим бар. Атам жаш кезинен арак ичет, апам жалгыз бизди багам деп көп кыйналды.

Атамдын бир туугандары апамды жана бизди аябай басынтат. Улуу эжеси бизге чоң энебиздей эле болуп калган. Ал бир туугандарын ойлоп, турмушка чыккан эмес. Азыр 70 жашта, өмүр бою чоң кызматтарда иштеп, баардык туугандарын акча менен камсыздап келген. Бирок ошентсе да "атаң ичет, апаң жинди”,- деп мени чүнчүтө берет.

Ооба менин окуумдун акчасын төлөп, мени тамак, кийим менен камсыздайт. Кандай болгон күндө да, ач кулактан тынч кулак дегендей, туугандарымдан алыс жашагым келет. Бирок бир туугандарымды ойлоп аргасыз чыдаганга туура келип жатат.

Айтыңызчы, атамдын эжеси да убагында бир туугандарын ойлоп жеке жашоосун курмандыкка чалган. Азыр аны акчасына эле карап жакшы көрүшөт, ал эми ичинен баары жектейт. Мен дагы карыганда ушинтип каламбы? Анткени өзүм студент болсом да окуудан тышкары иштеп, бир туугандарыма, ата-энеме акча салам. Ошол эжем, туугандарым баш болуп, менин буга милдеттүү экенимди айтышат. Ушул туурабы?

Чынара Термечикова

 “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог

Кымбаттуум, сен жашооңдо эч кимге милдеттүү эмессиң. Ооба, ата-энең сага жашоо беришти, албетте аларга каралашып турганың туура. Ошону менен катар, сен өз бактың, келечегиң жөнүндө да ойлошуң керек.

Эгерде атаңдын эжеси силерге акчалай жардам берип жатса, бул анын жеке иши, бергиси келсе берсин. Берген акчасын милдет кылганы туура эмес.

Сен улуусу катарында эле баарын багып жардамдашканга милдеттүү эмессиң. Бөбөктөрүң алар сенин балдарың эмес. Алар жөнүндө ата-энең кам көрүшү керек.

Атасы арак ичип, мындай көйгөй менен өмүр бою күрошүп келе жаткан үй-бүлолөр аз эмес. Кээде бир нерсени өзгөртө албасаң, ал нерсеге болгон мамилеңди гана өзгөртүү менен өзүңдүн абалыңды жеңилдетсең болот.

Ошондой эле ата-энең психологдун кеңешине келүүгө макул болсо жакшы болор эле. Алар өзүнүн жүрүм-турумун түшүнүп калса, албетте сага жеңилирээк болмок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт