// //

Үлүш жеримди эжелеримдин талашканга укугу жокпу? Юрист жооп берет

2019.05.04, 10:50
1081

Саламатсызбы! Айылда ата-энеме, агама, иниме жана мага тиешелүү үлүш жер бар. Тилекке каршы, үчөө тең каза болгон. Үлүш ээлеринен мен гана калдым. Жерге тиешеси жок болгон дагы 5 эжем бар. Жерди толугу менен өзүмө өткөрсөм болобу? Кандай кылсам? Которгондон кийин эжелеримдин талашканга укугу жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2019, 10:52

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Ата-эне каза болсо, анын балдары биринчи кезектеги мураскор болуп эсептелет. Тактап айтканда, ата-эненин артында калган мүлкүнө балдары мураскор болууга укугу бар.

Эгер каза болгон адамдын балдары, сиздин учурда беш эжеңиз, тиешелүү түрдө мамлекеттик нотариуска барып, жерди өткөрүп алуу боюнча арыз менен кайрылса, анда алар мурсакор болуп, өздөрүнө тиешелүү үлүштү алат.

Өзүңүз гана кайрылсаңыз, тиешелүү процедуралардан өтөсүз. Алсак, башка мураскерлердин кайрылганын 6 ай күтөсүз. Бул мөөнөттүн ичинде эжелериңиз кайрылбаса, анда алар мурастан баш тартты болуп эсептелинет жана сиз мурасты өзүңүзгө каттатып алсаңыз болот.

Ошол эл учурда, жарандык кодекстин негизинде мурасты алып жатам деп, эжелериңизге айтып коюшуңуз керек. Менин сунушум, эжелериңиз менен кеңешип, мураска алардын да укугу бар экенин айтып иш кылсаңыз жакшы болот. Мыйзамдарды аттап, бурмалоонун эч кандай пайдасы жок. Кийин өзүңүзгө эле зыяны тиет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт