Төккөн контрагымдын квитанцияларын жоготуп алдым. Эмне кылсам болот?
2019.05.03, 17:07
1014
Саламатсызбы? Мен Бишкек гуманитардык жана социалдык колледжин бүтүргөм (2012-2015-жылдары). Көп өтпөй дипломдун ичиндеги кагаздарды жоготуп алып, кайрадан жасатуу үчүн жогорудагы окуу жайдын деканына дипломду алып барып бергем. Жасалып бүтсө алайын деп барсам, 3-курстун контракт квитанцияларын сурап жатышат. Мен ал кагаздарды таппай, дипломду алалбай жатам. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2019, 17:09
Байгазы Бегишов
Юрист
Саламатсызбы! Контракты кайсы банк аркылуу төксөңүз, ошол банкка барып арыз жазсаңыз, сиздин төлөмдөрүңүз жөнүндө реквизит чыгарып берет. Ал реквизитти окуу жайдын бухгалтериясына тапшырасыз. Өзүңүзгө көчүрмө (копия) чыгарып алууну унутпаңыз.
0
Пайдалуу жооп