Университеттен документтеримди кантип алсам болот?
2019.05.03, 11:53
1257
Мен Кыргыз улуттук университетинде окуп жүрүп, 3 курста чыгып кетем. Документтеримди ала элекмин. Барып алсам контракт төлөп каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2019, 11:55
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Контракт төлөө маселеси окуу жай менен студенттин ортосундагы атайын келишимде көрсөтүлөт. Сиз келишимди карап, кандай учурда контракт төлөнөт же төлөнбөйт билсеңиз болот. Ошондой эле окуудан четтетүү буйругу чыкканга чейин юридикалык жактан сиз ал университеттин билимин алып жаткан студент болуп эсептелесиз. Тактап айтканда билим берүү кызматын колдонгон болосуз. Демек, буйрук чыккан мөөнөткө чейинки акыны төлөп бересиз.
0
Пайдалуу жооп