Мен балалуу болдум, бирок мурунку аялым менен ажыраша элекмин
2019.05.03, 10:59
1863
Менин мурунку аялым менен ЗАГС кыркылган эмес. Экинчи никемен балалуу болдум. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кантип алам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2019, 11:00
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Сиз аялыңыз менен бирге Жарандардын ал-абалдык актыларын каттоо бөлүмүнө барып, баланын атасы экениңизди айтасыз. Ошол эле жерден аталыкты тастыктап, “атасы” деген графага сиздин аты-жөнүңүздү жаздырып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн аласыз.
Ийгилик каалайм. Бешик бооңуз бек болсун!
0
Пайдалуу жооп