// //

ЖОЖ менен келишим: жети өлчөп бир кес

2018.08.28, 15:10
2834

Жогорку окуу жайга өткөн ар бир абитуриенттин колуна келишим берилет. Көпчүлүк учурда студент бул процесске жакшы маани бербей, кагазды толук окубай туруп колун коюп коёт. Баардык балээ ошондо башталат.

Окуу жай менен келишим түзүү жол-жоболору тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигин башкы адиси Чубукова Евгения айтып берет.

Биринчиден, келишим түзүүдөн мурун окуу жайдан лицензиясы барбы сураңыз.

Экинчиден, эч шашпаңыз. 2-3 баракты окугандан эринип жатсаңыз дагы баарын кылдаттык менен карап чыгыңыз. Келечекте окуу жай менен түшүнбөстүктөр пайда болгондо, сиз күнөөлүү болуп калбагандай болуңуз.

Окуу жайдын уставы менен таанышып чыгууну унутпаңыз.

Үчүнчүдөн, эсиңизде болсун, келишимде эки тараптын укуктары, билим алууга акы төлөө шарттары камтылыш керек. Мисалы, мөөнөтү, өлчөмү, акча кандай учурда кайтарылат, кандай учурда кайтарылбайт, кандай таризде төлөнөт. Ийне жибине чейин окуңуз.

Төртүнчүдөн, келишимге кол коёрдон мурун окуу планы менен таанышыңыз.

Келишимде сиз макул болбогон жерлер бар болсо, окуу жайга билдириңиз. Бирок, өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү төмөн. Алсак, бюджетте окуй тургандардын келишими өкмөт тарабынан бекитилген.

Бешинчиден, акы төлөө пунктуна жакшылап көңул буруңуз. Мисалы, акы төлөнгөндөн кийин, окубайм десеңиз, кайра акчаңызды ала албай калышыңыз мүмкүн.

Көп учурда, келишимде "ЖОЖ инфляцияга карата окуу акысын көтөрүп турат" деп жазылган болот.

Алтынчыдан, окууга тапшырып, келишимге кол коюп, бирок бир дагы сабакка келбеген студенттер бар. Алар бир семестрден кийин келип документтин алайын десе бербейт. Себеби сиз алдын ала кетем деп айткан эмессиз. Буйрук чыкканга чейин юридикалык жактан тапшырган окуу жайыңыздын студенти болуп эсептелип, акы төлөгө милдеттүү болуп каласыз. Андыктан, кетүүнү кааласаңыз алдын ала билдириңиз.

Жетинчиден, айтылуу окуу жайдын шарттары сизге туура келсе гана кол коюңуз.

Сегизинчиден, келишимге дагы эле күмөнүңүз болсо, юристке алып барып көрсөтүңүз.

Каалаган учурда ЖОЖ менен түзгөн келишимди бузуп, көрсөткөн кызматына акысын төлөп кете аласыз.

Окууңарга ийгилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт