// //

Кошулгандан кийин дароо дары ичсе бойго бүтпөйбү? Гинеколог жооп берет

2019.05.02, 17:54
3708

Саламатсызбы. Сүйлөшкөн кызым менен коргонбой кошулганбыз. Андан кийин эки күн катары менен Эскапел ичкен. Эми эмне болот? Боюна бүтөбү же жокпу? Дарынын терс жактары барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.05.2019, 17:57

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эскапелди кошулгандан кийин алгачкы 72 сааттын ичинде ичүү керек. Канчалык кеч ичсе ошончолук бойго бүтүп калуу коркунучу жогорулайт.

Бул препараттын терс таасири: индивидуалдуу түрдө аллергиялык реакция, эмчек безинин оорушу, жүрөк айлануу, көңул айнуу, кузуу, баш ооруу, менструалдык циклдин бузулушу.

Эскертүү! Дарыны жарым жылда бир жолу гана колдонсо болот.

  • Туруктуу контрацепция катары колдонууга болбойт!
  • Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан сактабайт!

Ичкенге болбойт:

  • 16 жашка чейинки өспүрүм кыздарга;
  • эмизген жана кош бойлуу келиндерге.

 

Бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу бул жерден окусаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт