Лайфхак: телефон сууга түшүп кетсе эмне кылуу керек?
2019.05.02, 16:22
5374
Телефонуңузду сууга түшүргөндөн кийин дароо алып чыксаңыз зыянга учурабайсыз. Ал эми, төмөндөгү кеңештер аны сактап калууга жардам берет.
Эмне кылбаш керек?
- Дароо иштетпеңиз.
- Күйгүзөм деп, зарядкага сайбаңыз.
- Кнопкаларын баскылабаңыз.
- Силкпеңиз, ургулабаңыз.
- Үйлөбөңүз, суу башка жагына өтүп кетиши мүмкүн.
- Чач кургаткан фен колдонбоңуз.
Сууга түшкөн телефонду кантип калыбына келтирсе болот?
- Өчүрүп, тик абалда кармаңыз.
- SIM-карта менен флешканы алып чыгыңыз.
- Аппаратыңыз эски болсо батареясын чыгарыңыз. Батареясы чыкпаган жаңы смартфондорду телефон оңдоочу жайга алып барыңыз.
- Телефонду кургак чүпөрөк же кагаз сүлгү менен сүртүңүз. Суюктук тешиктерине кирип кетпесин, этият болуңуз.
- Чийки күрүч салынган баштыкка салып койсоңуз да болот. Себеби күрүч нымдуулукту өзүнө жакшы тартат.
- Телефонуңузду бир-эки күн кургатыңыз. Кызыгып кетип, жандырып жибербеңиз.
- Бир-эки күндөн кийин күйгүзүп көрсөңүз болот. Эгер иштеп баштаса, динамикасын, экранын жакшылап байкаңыз.
- Текшерткени атайын адиске алып барыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.