Баланы тамга үйрөнүүгө, санаганга кантип кызыктырса болот?
Bilesinbi.kg окурмандардын суроолоруна тиешелүү адистерден жооп алып берет.
Билим ар бир адамга керек эмеспи. Үйдө 6 жаштагы карындашым бар, бала бакчага деле барат. Бирок таптакыр тамга жаттаганга, санаганга көңүлү жок. Сөзсүз бир шылтоо табат. Кыйнап окутуш керекпи, же жөн эле коелубу?
“Psihihoanaliz.kg” психотерапия борборунун адиси, балдар психологу
Бакчада балдарды режим сактоого үйрөтүп, мектепке даярдашат. Бирок бала мектепке чейинки окуу жайларда эле эмес үйдөн да тиешелүу даярдык көрүүсү зарыл. Балдардын өнүгүү деңгээли түрдүү болот. Айрымдар 4-5 жашынан тартып эле тамга таанып, кошуп окуп калса, башкалары 7 жашында алфавитти толугу менен өздөштүрө албайт. Бул бири мыкты, бири начар дегендик эмес. Болгону алар ар башка.
6 жаштагы бала узак убакытка чейин бир нерсеге көңүл бөлүп отура албайт. Ал үчүн өтүлө турган сабактар 10-15 мүнөттөн эле болушу керек. Ортодон улам эс алып, башка нерсеге алаксып турганы пайдалуу. Кыйнап окутуунун да кереги жок. Бардыгы оюн формасында өтүүгө тийиш.
Мектепке чейинки жаш курактагы балдардын колун калем кармаганга көндүрүү керек. Майда моторикасын өнүктүргүлө. Ал үчүн бирге сүрөт, тартып, сүрөттөрдү боёп, майда шурууларды жипке тизип, пластилинден, камырдан түрдүү буюмдарды жасаса болот. Мындай көнүгүүлөр баланын бир нерсеге концентрацияланып, көңүл коюп иштөөгө үйрөтөт. Аны алаксытуучу факторлорду жокко чыгарууга аракет кылыңыз.
Китепке болгон кызыгуусун ушул жаштан тартып калыптандыруу зарыл. Мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшүп, окуяларды айтып берүүгө үйрөткүлө. Китептеги сүрөттөрдү карап, аңгеме түзүүгө, фантазиясын иштетүүгө жардам бергиле. Майда деталдарына көңүл бөлгүлө. Тамгаларды атап, анын китептеги жазылышын көрсөтүп, колу менен да жазганды үйрөткүлө. Ошол тамгага башталган сөздөрдү бирге тапкыла. 10го чейин, кайра 10дон 1ге чейин санаганды үйрөткүлө. Буюмдарды: аз-көп, чоң-кичине, узун-кыска, бирдей, тең, деп салыштыргыла.
Кичинекей баланын психологиялык жактан мектепке даяр же даяр эместигин Психотерапия борборунун адистерине кайрылып, билсеңер болот.