Мамлекеттик “пошлинадан” сырткары акча сурап жатышат. Бул мыйзамдуубу?
2019.05.02, 11:58
705
Мен карызымды сот аркылуу берип бүттүм. Соттогу чуркап жүргөн балдар 10% мамлекеттик алым (пошлина) кат аркылу үйүңүзгө барат, бизге андан сырткары 10% “наличка” бересиз деп жатышат. Бул мыйзамдуубу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.05.2019, 11:59
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук укук коргоочу фонддун адиси, юристи
Сизден өндүрүлө турган мамлекеттик алымдын өлчөмүн соттун чечимин карап так билсеңиз болот. Андан кийин мамлекеттик алымды өндүрүү үчүн аткаруучу баракча (исполнительный лист) сизге жөнөтүлөт. Башкача айтканда бардыгы расмий жана кагаз жүзүндө болууга тийиш. Андан сырткары кимдир бирөөгө, өзүнчө 10% акча төлөө мыйзам бузгандык болуп саналат.
0
Пайдалуу жооп