Тишиме щетка тийгизсем эле канай берет. Эмне үчүн?
2019.04.30, 14:44
1555
Мен тишиме щетка тийгизсем эле канай берет. Эмнеден улам мындай? Кантип дарыласам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.04.2019, 14:48
Нуржамал Канатбекова
стоматолог
Тиштин канаганы гингивит деп аталат жана себептери өтө көп. Организмдеги зат алмашуунун бузулушунан тартып, тукум кууганга чейин. Ошондуктан так себебин көрбөй туруп айта албайм. Сөзсүз стоматологго көрүнүңүз.
Өз алдынча дарылануу мүмкүн эмес. Кандайдыр бир ооз чайкоо үчүн каражаттар (ополаскиватель) көйгөйдү убактылуу чечип берет, бирок мезгилдин өтүшү менен кайра эле кайталана берет.
Бул жагымсыз көрүнүштү өз маалында дарылабаса, кан аркылуу инфекция организмге кирип бир катар ооруларды пайда кылат, алар:
- тиштин түшүшү;
- ашказан оорулары;
- диабет оорусу.
0
Пайдалуу жооп