// //

Таятамдын үйүн өзүмө жаздыра аламбы? Юрист жооп берет

2019.04.30, 11:54
822

Саламатсызбы. Айылда таятам менен таенемдин үйү бар, мен ошолордун колунда чоңойгом. Алардын көзү өтүп кеткен. Апамдын 5 эжеси бар. Апам үйдү өзүнө каттатып кийин белек кылып мага өткөрүп берген. 3 таежем үйдөн баш тартып, 2сү болбой коюшкан. Учурда үй менин атымда. Таежелерим менден үйдү талаша алышабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.04.2019, 11:55

Ширин Алмазова

Юрист

Саламатсызбы. Мыйзам боюнча каза болгон таята менен таенеңиздин түздөн-түз мураскери болуп биринчи кезекте алардын балдары, башкача айтканда сиздин апаңыз жана таежелериңиз саналат. Сиз айтып жаткан абалда 2 таежеңиз сотко доо-арызы менен кайрылып, мүлккө болгон укуктарын далилдей алышат.

Бирок белгилүү мөөнөт бар экенин да эске алуу керек. Мисалы, алар мүлктүн катталып жаткандыгын билгенден кийин 3 жылдын ичинде доо арызы менен сотко кайрылышы керек. Ошондой эле 6 айдын ичинде нотариалдык конторага кайрылып мүлккө болгон талапкерлигин тариздеп алууга милдеттүү. Эгер өз убагында кайрылып жетишпесе мүлктү мураска алып калуу тууралуу күбөлүктү ала алышпайт.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт