Чач тарач чачымды туура эмес кыркты. Эми акча талап кылып жатат
Саламатсызбы! Бүгүн чач тарачка баргам, чачымды туура эмес кыркып койду. Акырын айтсам түшүнбөйт, урушуп кеттик. Ачууланып чач тарачтын телефонун жерге чаап салдым. Ал милицияга чалып, мени алып кетип калышты. Арызга телефонумдун акчасын берсин деп жазыптыр. Эмне кылсам болот? Мен акчасын төлөгүм келген жок.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, сиз телефонду төлөп беришиңиз керек. Анткени сиз бирөөнүн мүлкүн зыянга учураттыңыз.
Кыргыз Республикасы - эгемендүү, демократиялык, укуктук мамлекет. Демек, өзүнүн мыйзамдары бар жана бул мыйзамдарды бузган адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө милдеттүү болушат.
Сиздин кылганыңыз өз билемдик деп эсептеймин. Эгерде сизге чач тарачтын кызматынан улам зыян келген болсо, мыйзам чегинде өз укугуңузду коргосоңуз болмок. Бирок, өз билемдикке жол коюп телефонун талкалап салыптырсыз.
Эми төлөп бериңиз жана башка мындай кылбоого аракет кылыңыз. Мени туура түшүндүңүз деген ойдомун.