Аты-жөнүмдү өзгөртсөм дипломум эмне болот?
2019.04.29, 15:36
1457
Саламатсызбы! Мен бир жыл мурун бакалавр дипломун алганмын. Фамилиям менен кошо дипломду да өзгөртсөм болобу? Эмне кылуу керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.04.2019, 15:40
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Сиз аты-жөнүңүздү өзгөрткөндө аттестатыңыздын жана дипломуңуздун дубликаттарын алууга укугуңуз бар, же болбосо билим алгандыгыңыз боюнча документтериңизди көрсөткөн сайын аты-жөнүңүздү өзгөрткөн документтериңизди дагы көрсөтүп турушуңуз керек.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, фамилиянын өзгөрүшү кийин жумуш таап иштешиңизге кыйынчылык жаратпайт. Сизге аты-жөнүн өзгөрткөнү чындык деген кагаз берилет. Мына ошол кагаздын жардамы менен сиздин диплом бардык жерге жарамдуу болот.
0
Пайдалуу жооп