Баламдын атын өзгөртсөм алимент ала албай каламынбы?
2019.04.29, 14:34
728
Саламатсызбы. Менин баламдын аты күбөлүк боюнча Канатбек, бирок биз аны Ринат деп атап келебиз. Жолдошум менен ажырашкам, азыр алимент алам. Баламдын атын өзгөртсөм алимент ала албай каламынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.04.2019, 14:34
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман, уулуңуздун аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу арыз менен жарандык абалдар актыларын жазуу бөлүмүнө кайрылыңыз. Ал жерде эмне үчүн атын алмаштыргыңыз келгендиги жөнүндө жазасыз. Жаныңызга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, сиздин ажырашкандыгыңыз тууралуу күбөлүгүңүздү жана ата-энесинин паспортторун алып алыңыз.
Атасы деген графасы өзгөртүлбөсө, мурункудай алимент ала бересиз.
0
Пайдалуу жооп