15 жылдан бери качып жүргөн адамды аталык укуктан кантип ажыратам?
2019.04.29, 09:43
882
Саламатсызбы! Балага камкордук көрбөгөн, 15 жылдан бери качып жүргөн, материалдык, моралдык жактан жардам бербеген, спирт ичимдигин көп ичкен атаны аталык укуктан кантип ажыратам. Өзү чет өлкөнүн жараны. Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүрөт, өздүгүн тактаган бир да документи жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.04.2019, 09:43
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, аталык укугунан ажыратуу соттук тартипте жүргүзүлөт. Бирок сотко кайрылууга тиешелүү негиздер болуусу керек.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 74-беренесине ыйлайык, ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:
- ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
- жүйөөлүү себепсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
- ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
- балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулку боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
- аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
- өз балдарынын өмүрүнө же ден соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
- жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
- бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса деп көрсөтүлгөн.
Эгерде ушундай жагдайлар болсо, анда сотко кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп