// //

Кошунам эшигимдин алдына слив казып койду. Юрист жооп берет

2019.04.27, 13:21
1331

Саламатсызбы! Жер үйдө турабыз. Кошунабыз так эшигибиздин алдына чоң слив казып салды. Жаңы баштаганда, "бизге сасык жыт келет, башка жакка кылгыла",-деп айтканбыз. Кандай чара көрсөк болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.04.2019, 13:22

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, үйүңүздүн алды кошунаңыздын менчиги эмес, ал жерге слив казууга анын укугу жок. Ошондой эле, слив казууга тиешелүү тартипте уруксат алышы керек болчу.

Бирок, кандай болгон күндө да, санитардык жана гигиена нормаларына дал келбегендиктен улам, эшигиңиздин алдына слив казууга уруксат беришпейт. 

Сиз өзүңүз жашаган аймактагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна же Мамэкотехинспекцияга арыз менен кайрылыңыз.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт