// //

Боюмда бар экенин тест даана көрсөтө алабы? Гинеколог жооп берет

2019.04.26, 13:59
3804

Саламатсызбы. Мен 30 жаштамын. Үч жумадан бери көңүлүм айланып, ичим чоңоюп баратат. Тест алып текшерсем, экинчи сызыгы бүдөмүк чыкты. Жолдошумду калп эле кубантып албайын деп жүрөм. Тест аныгын көрсөтө алабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.04.2019, 14:03

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы окурман. Тест ар дайым эле так көрсөтө албайт. Анын жыйынтыктарына 100 пайыз ишенип болбойт. Сиз ХГЧ анализин тапшырып, андан кийин УЗИге түшүңүз. Ошондон кийин кубанычтуу кабарды жолдошуңузга айтуу зарылчылыгы барбы же жокпу белгилүү болот.

Кош бойлуу аялдын ичи 10-12 жумадан кийин гана кичинеден чоңое баштайт. 8 жумалык түйүлдүктүн чоңдугу буурчактай эле болот. Ошондуктан ичтин чоңое баштагандыгы тууралуу айтуу али эрте.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
28.04.2019, 15:36

Мен заара кылганда кан менен кошо келип атат,катуу оорутуп, менин жашым болгону 15те?Эмне кылам геникологко барамбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт