5 жаштагы балам такыр тилимди албайт. Эмне кылсам болот? Психолог жооп берет
Менин 5 жаштагы балам өтө шок. Бир жерде тынч отура албайт. Кичинекей карындашын да кечке ыйлатат. Мен аны уруша берип тажадым. Кандай тарбия беришти билбей калдым.
“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун балдар психологу
Үй-бүлөдө экинчи бала төрөлгөндө, биринчи балада аны мурункудай жакшы көрбөй, көңүл бөлбөй калышты деген ой пайда болушу мүмкүн. Кызгануу, атаандашуу балдар арасында ар дайым болот. Ар бири өзүнө көбүрөөк көңүл бөлүнүшүн каалайт. Балаңызга мүмкүн болушунча жайдары маанайда түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Сиз аны кыйкырып урушкандан пайда жок. Бала сиздин урушканыңызга көнүп калат, кийин бир да сөзүңүздү кабыл албайт.
Уулуңузга “мен сени аябай жакшы көрөм”, “сен менин жардамчымсың”, “сен акылдуу баласың” деп күндө айтып туруңуз. Кучактап, күнүнө жок дегенде 5 мүнөт ага гана убакыт бөлүңүз. Бала сиздин мээримиңизге муктаж. Ашыкча активдүү болуп жаткандыгы өзүнө көңүл бөлүүнү талап кылгандыгына байланыштуу.
Бул ситуацияны толук билүу үчүн кошумча маалымат керек. Кызыңыз канчада? Кызыңыз төрөлгөнгө чейин балаңыздын жүрүм-туруму, мүнөзү кандай эле? Жолдошуңуз менен мамилеңиз кандай? Жолдошуңуздун балдарга мамилеси кандай?
Мындан башка суроолоруңузга да жоопту психотерапия борборунун балдар психологуна кайрылып алсаңыз болот.