// //

Балам бир эле эмчегимди эмет. Эмне үчүн мындай болушу мүмкүн?

2019.04.25, 11:28
1414

Менин эки балам бар. Биринчи кызым сол эмчегимди такыр эмбей койгон, эми уулумду эмизем, ал да ошол эмчегимди эмбей качат. Эмнеден болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.04.2019, 11:29

Аида Осомбаева

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог

Сизди көрбөй туруп эмне үчүн мындай болуп жатканын айтуу оор. Балким, үрпүңүз жакшы чыккан эмес, сол тарапты эмген ыңгайсыз болуп жатса керек. Баланын эмгенин жакшылап карап көрүңүз: оозу чоң ачылып, эриндери сыртка кайрылып, эмчекти бекем кармап турушу керек. Эненин үрпү баланын таңдайына тийсин. Эмип жаткан бала үрптүн учун эле эмес, аны толугу менен оозуна салып турганы туура. Эгер үрпүңүз жалпак болсо сүт саагыч (молокоотсос) менен бир аз чыгарса болот. Же атайын “накладка” менен колдонуп көрүңүз.

Бала такыр эле эмбей койсо, ошол эмчектеги сүттү саап бала 2 айга толгуча берип туруу керек.

Эмчектен чыгаргандан кийин сөзсүз маммологго кайрылып, УЗИге түшүңүз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт