// //

Жардам берүү үчүн алган акча арамбы же адалбы?

2019.04.25, 10:28
824

Мектептерге аккредитация болуп, бир чоң лицейге кесиптешим менен тест алганы бардык. Алгач директордун кабинетине сүйлөшкөнү кирдик. Ал, "бизге жардам берип койгула, былтыр өтпөй калганбыз, быйыл да калсак жаман болот", - деп, жок десек болбой экөөбүзгө 5000 сомдон берип, сыртка чыгып кетти. Шеригимди карсам чөнтөгүнө салып койду, мен да алдым. Тест учурунда, окуучуга жардам бергени мугалимдерин киргизип, кайра чыгарып койдук. Сурайын дегеним, ошол алган акча арамбы же адалбы? Ушул күнгө чейин кыжаалат болуп жүрөм. Дин кызматкерлердин оюн уксам болобу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.04.2019, 10:31

Кадыр Маликов

Теолог

Урматтуу окурман, алган акчаңыз арам болуп саналат, себеби ал пара. Сиз кудайдан кечирим сураңыз, ал баарын кечирет. Экинчи мындай жол менен акча албаганга аракет кылыңыз.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт