Кыйыр талакта никени жаңылатуу керекпи?
2019.04.25, 10:02
1141
Бизге кыйыр талак түшүп калган. Күйөөм кечирим сурады. Никени жаңырталы десем, "мен талак айтпадым",- деп көнбөй жатат. Жашай берсек болобу же никени жаңылатуу керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.04.2019, 10:03
Равшан ажы Эратов
КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы
Күйөөңүз "бошсуң" деген сыяктуу кыйыр талакты ниети менен айтса түшөт, эгер жөн гана опузалоо болсо түшпөйт. Демек, никени жаңыртуу керек же жок деп айтуудан мурун ниетин билүү зарыл.
Силер сөзсүз түрдө диний кызматкерге барып кеңештен өткүлө. Эгер ал никени жаңырткыла десе, жаңыртасыңар. Консультациядан өтүп, себебин аныктагандан кийин гана биргеликте жашоону улантуу керек.
0
Пайдалуу жооп