Варикоцеле болгондо кандай операция жасалат?
2019.04.24, 16:47
2435
Саламатсызбы. Варикоцеле оорусу менен ооруганда операциянын эки түрү жасалат турбайбы. Ал экөөнүн кандай айырмасы бар? Кайсынысы жакшы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2019, 16:48
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Варикоцелеге операция жасоонун эки ыкмасы колдонулат. Биринчиси Иванисевич деп аталат, экинчиси Мармара ыкмасы. Иванисевич ыкмасы Мармарадан мурун пайда болгон. Мармара заманбап болуп саналат.
Иванисевич ыкмасы:
- рецидив (оорунун кайра кайтып келиши) болуу коркунучу 30%;
- кесиктин көлөмү чоң;
- кайра калыбына келүү мөөнөтү 3 ай.
Мармара ыкмасы:
- рецидив болуу коркунучу 10%;
- кесиктин көлөмү минималдуу;
- кайра калыбына келүү мөөнөтү 1 ай.
Кайсы ыкма менен жасала турганын операцияны өткөрүүчү хирург гана чечет.
“Medcener.kg” медицина борборунда Мармара ыкмасы менен гана жасайбыз. Операциянын акысы 15 000 сом.
0
Пайдалуу жооп