Туугандарым соттолгон болсо сот боло аламынбы?
2019.04.24, 16:07
1132
КМЮАга окууга тапшырып, сот, прокурор болсомбу дейм. Окууга тапшырып жатканда же кийин окууну бүткөндө үй-бүлөмдүн соттолгон же соттолбогонун текшереби? Текшерсе кайсы туугандарымды. Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2019, 16:14
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, жакын туугандардын соттолгон же соттолбогонун окууга эмес жумушка кирүү учурунда текшерет.
Жакын туугандарга: ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси бөлөк эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери кирет.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп