// //

7-8 жаштагы баланы кантип ойнотуу керек?

2019.04.24, 14:03
4624

Саламатсызбы, 7 жаштагы  кызым оюнга такыр тойбойт. Кайсы оюндарды ойнотсом болот?

Эльвира Лисова

Psihoanaliz.kg психотерапия борборунун психологу

Кызыңызды кандай оюндар менен ойнотуу керек деп изденгениңиз абдан жакшы. Сиз азаматсыз. Менин сизге бир нече суроом бар: Кызыңыздын достору барбы? Өзү теңдүүлөр менен мамилелери кандай? Үй-бүлөдө жалгыз балабы? Өз алдынча ойной алабы? Үй иштерине жардамдашабы?

5-7 жашка чейинки балдар боорукер болушат

Бала оюн аркылуу дүйнөнү тааныйт. 5 жаштан 7 жашка чейинки балдар өздөрүн чоң кишидей сезишет. Ошондуктан интеллектуалдуу, дүйнө таанымын кеңейтүүчү темаларга сүйлөшүүнү жактырышат. Айланада болуп жаткан окуяларга өзүнүн пикири бар. Бир нерсени түшүнгөн жокмун деп сурасаңыз, чын дилинен түшүндүрүп, айтып берүүгө ашыгышат. Бул жаш курактагы балдар жанындагыларга жардам берип, алар менен жакшы мамиле курууга умтулушат.  

Оюн аркылуу мүнөзү калыптанат

Оюн аркылуу баланын мүнөзү калыптанып, башка балдар менен мамиле курганды, өзүнүн сезимдерин башкарганды үйрөнөт. Балага бул “жаман” бул “жакшы” деп түшүндүргөнгө караганда, оюндагы, жомоктогу каармандар аркылуу айтып берген кыйла жеңил. Кичине бала баш каармандарга боор ооруп, аны менен кайгырып, күлүп, кыялданат. Жеңишке жеткенине кубанат. Максатына жетүү үчүн өжөр болуу керектигин билет.

Ой жүгүртүүнү талап кылган оюндарды ойногула

Баланы интеллектисин, сүйлөө речин, сөз байлыгын, эс тутумун, фантазиясын өнүктүрүүчү,  оюндарды ойногула. Бирок мунун бардыгы оюн, тамаша, күлкү, кызыгуу жана чыныгы азарт менен коштолсун. Түрдүү табышмактар, жаңылмачтар, шахмат, крооссворд, бир тамгага сөздөрдү табуу, мектеп, цирк, театр ж.б. Андан тышкары физикалык, химиялык тажрыйбаларды да бирге өткөрсөңөр болот.

Бала ар дайым кыймылда болгону жакшы. Ошондуктан активдүүлүктү талап кылган оюндарды да ойнотуу керек. Мисалы: футбол, эстафета, кубалашмак, жашынмак, жаздык менен чабышуу. Мындай оюндар баланын реакциясын, ыкчам чечим кабыл алуусун өнүктүрүп, жакшы маанай тартуулайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт