Этек кирим өтө эле көп келет, бул нормалдуубу?
2019.04.24, 13:05
1044
Саламатсызбы. Менин жашым 23тө. Бир уулум бар. Ай сайын келчү этек кирим көп келет, бүртүк кандар уюп түшөт. Бул коркунучтуу эмеспи? Эч жерим деле оорубайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2019, 13:06
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Саламатсызбы урматтуу окурман. Тилекке каршы сизди көрбөй туруп, так диагноз коюп бере албайм. Жалпысынан айыз бир түрдүү болуш керек. Кандын уюганы бул нормадан четтөө. Миома же гиперплазия ооруларынын белгиси болушу мүмкүн. Бирок кээде көп убакыт кыймылдабай жаткандан да уюп калат. Айтканыңызга караганда сизде сезгенүү бар. Кандай болгон күндө да гинекологго барып текшерилиңиз.
0
Пайдалуу жооп