Трихомониаз оорусун канча убакытта дарыласа болот? Уролог жооп берет
2019.04.24, 10:39
4183
Трихомониаз оорусун кандай жолдор менен канча убакытта дарыласа болот? Бул ооруну байкабай жугузуп алыпмын. 7-8 жыл болуп калса керек.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2019, 10:39
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Трихомониаз оорусу жыныстык катнаш аркылуу жугат. Бул ооруну жакында эле жугузуп алсаңыз керек. 7-8 жыл оорусаңыз башка өнөкөт ооруга айланмак.
Анализдерди тапшырып, анын жыйынтыгына жараша дарылар жазылат. Бул ооруну комплекстүү түрдө дарылоо зарыл. Ошондуктан бир эле дарыны ичип толук айыгып кетүү мүмкүн эмес. Балким, убактылуу симптомдору басылат, бирок кийин кайра эле пайда болот. Дарылануу 10 күн жүрөт.
0
Пайдалуу жооп