Сүйлөшкөн кызым көз айнек тагынат, кийин төрөй алабы?
Сүйлөшкөн кызым көз айнек тагынат, көрүүсү -4! Кийин төрөөрдө өзүнө зыян болбойбу? Эгер үйлөнсөк балдарымдын да көзү начар болушу мүмкүнбү? Кантип айыктырса болот?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Көрүү органдарынын башка оорулары болбосо төмөнкү деңгээлдеги миопия (алысты көрбөө) төрөткө эч кандай таасирин тийгизбейт. Кандай болгон күндө да окулисттин консультациясы зарыл. Көпчүлүк учурда миопия тукум кууйт.
Марина Штепа
Офтальмолог
Сүйлөшкөн кызыңыздын боюна бүткөндө тынымсыз окулисттин көзөмөлүндө болушу керек. Төрөт картасына акушерге рекомендациялар жазылат. Эгер эненин акыбалы нормага ылайык болсо, ал өзү төрөй алат. Болбосо кесарево аркылуу төрөө сунушталат.
Көрүүсү начар, бирок аман-эсен көз жарган айымдар көп. Сарысанаа болбоңуз. Болгону сүйүктүүңүзгө жакшы кам көрсөңүз бардыгы жайында болот.
Көздүн начар көрүүсү тукум кууйт. Бирок бул 100% энесин тартат дегендик эмес. Болгону балалуу болгондо, жылына бир жолу окулистке алып барып көзүн текшертип туруңуз.
Бактылуу болгула!