Уулум жыныстык мүчөсүн сайышып ооруп жатат дей берет. Эмне кылышым керек?
2019.04.22, 16:33
2466
Уулум 6 жашта. Жыныстык мүчөсүн сайышып ооруп жатат дейт берет. Эмне кылышым керек? Кимге кайрылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.04.2019, 16:33
“Medcener.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Сизге бере турган суроом бар. Уулуңуз отургузулганбы? “Жок”, - деп жооп берсеңиз, демек, башкы себеп ошондо. Ырымдалбаган же жакшы ырымдатылбаган (жөн гана бычак тийгизип же тилип койгондо)эркек балдардын жыныстык мүчөсүнүн учуна смегма (туз) чогулуп калат. Ал заара ушатканга тоскоол болуп, оорутат жана ачыштырат. Убакыттын өтүшү менен катып, ташка айланат.
Ал эми бала отургузулган болсо, себеби башкада. Баланы көрүп, анализдин жыйынтыктары чыккандан кийин гана так диагноз коюп, кандай дарылоо керектигин айтып бере алам.
0
Пайдалуу жооп