Денемде калдар көп. Аларды кантип кетирсем болот? Косметолог жооп берет
Менин бетимде, денемде калдар көп. Эч кандай зыяны деле жок, болгону мага жакпайт. Аларды кантип кетирсем болот?
Асель Алымбаева
Косметолог
Кал, мең – бул теридеги пигменттик тактар. Алардын өңү, көлөмү түрдүү болот, пайда болуусунун себептери да көп. Биринчиден тукум кууйт, экинчиден, организмдеги пигменттик бузулуунун (нарушение) натыйжасы болушу мүмкүн, үчүнчүдөн, стресс жана жаракат алуу да себепкер болот.
Калдарыңыз көп болсо, онкодерматологго кайрылып, көзөмөлүндө болуңуз. Аларды атайын процедуранын жардамы менен алып салса болобу же тим коюш керекпи адис гана чечет.
Ар дайым күндөн коргоочу кремдер менен колдонуңуз, күндөн калкалоочу кийим, шляпа кийип жүрүңүз. Калдар теринин рагына өтүп кетүү коркунучу бар, ошондуктан өз алдынча калдарды кетирүүгө болбойт. Докурга гана кайрылыңыз.