Насвайды кантип таштайм? Нарколог жооп берет
2019.04.20, 11:54
1764
Саламатсызбы! 17 жаштамын. Насвай колдонгонума 2 жылдын жүзү болуп калды. Кантип таштасам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2019, 11:56
Өскөнбай Үсөнов
Нарколог
Урматтуу окурман, насвай организм үчүн өтө кооптуу зат. Адамдын нерв системасына терс таасирин тийгизип, эс тутумун бузат. Ойлонуу, аң сезим начарлайт. Тиштердин курамын бузуп, коркунучтуусу ооз көңдөй рагына алып келет.
Ар бир адамдын организими ар башка. Ошол себептүү дарылоо курсу дагы ар кандай болот. Насвайга болгон көз карандуулук, чылымдан да күчтүү. Өз алдынча арыла албайсыз. Жаш экенсиз, кеч боло элегинде наркологдорго кайрылсаңыз, насвайдан арылууга жардам беришет.
0
Пайдалуу жооп